Аябай сүйүнгөндөй, кубангандай. Эмне кыйкырдың энең эркек туугандай? (Айтматов). Дубанов аны көргөндө энеси эркек туугандай сүйүнүп, мадыраңдап сүйлөдү («Ала-Тоо»).
Аябай сүйүнгөндүк, кубангандык. Эмне кыйкырдың энең эркек туугандай? (Айтматов). Дубанов аны көргөндө энеси эркек туугандай сүйүнүп, мадыраңдап сүйлөдү («Ала-Тоо»). В.: Энеси эркек төрөгөндөй. Айбаттуу замбиректин үнүн укканда Савчук менен Турганбай энелери эркек төрөгөндөй кудуңдап, сүйүнүп турушту (Абдукаимов).